Коррупцияга каршы чаралар

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июньундагы №137 “ 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө “ Жарлыгынын аткарылышы боюнча Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында кызматкерлердин коррупциялык мотивациясын төмөндөтүү боюнча:
-мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө ак ниеттүүлүк,чынчылдык,принципиалдуулук маселеси боюнча окутуулар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат,жана сатып алуу системасында чечимдерди кабыл алуунун ачык-айкындуулугуна,атаандаштыгына жана обьективдүү критерийлерге негизделүүдө,ошондой эле эрежелер же жол жоболор сакталбаган учурда,талашуунун юридикалык каражаттарын жана укуктук коргоо каражаттарын камсыз кылуу үчүн даттануунун натыйжалуу системасын жана ички контролдоонун натыйжалуу системасы түзүлүп,сатып алуулар үчүн жооптуу персоналдарга тиешелүү маселелерди тиешелүү учурда жөнгө салуу чааралары көрүлгөн.
-муниципиалдык кызматка кадрларды тандоодо алардын билимине,жөндөмдүүлүгүнө жана компетенттүүлүгүн балоонун атайын жоболору иштелип чыгып,аларды кызматка алуу атайын конкурстук негизде жүргүзүлүп жатат. –мамлекеттик башкаруу системасында коррупцияга каршы идеологияны,моралдык-этикалык,адеп-ахлактык жана баалуулук багыттарды калыптандыруу максатында муниципиалдык кызматкерлердин этика ченемдерин сактоосун камсыз кылуу үчүн этика кодексинин талаптарын кызматчылардын так жана кынтыксыз аткаруусу боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштери күчөтүлүп,муниципиалдык кызматкерлердин этика боюнча комиссиясынын ишинин натыйжалуулугуна жыл сайын мониторинг жана талдоо жүргүзүлүп жана анын жыйынтыктары айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылып турат.
– Коррупцияга каршы иш чаараларды иштеп чыгууга,ишке ашырууга жана мониторинг жүргүзүүгө коомчулук кеңири тартылган

Коррупцияны алдын алуу боюнча ишеним телефону

  1. 03333-3-33-33
  2. 0500000000
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кобинети
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети

Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы

Skip to content